www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Украина Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн узак аралыкка учуучу ракеталык системаларды колдонбой турганын айтты.

АКШ администрациясынын жогорку даражалуу кызматкери журналисттерге билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар Киевге жаңы аскердик жардам пакетинин бир бөлүгү катары жеткирүүнү пландап жаткан HIMARS көп ракеталык системалары (MLRS) 80 чакырымдай аралыктагы буталарды сокку урууга жөндөмдүү.

"Мен АКШдагы айрым аткаминерлер же Ак үй аларды (алыс аралыкка учуучу ракеталарды - ред.) Орусияга кол салуу үчүн колдоно алабыз деп айтып жатканын билем: карагыла, биз Орусияга кол салууну пландаган жокпуз. Россия Федерациясы Биз алардын аймагында согушуп жаткан жокпуз", - деди Зеленский Newsmax телеканалына берген маегинде.

Орусия Федерациясы Украинага курал-жарак жеткиргенине байланыштуу АКШ баш болгон бардык өлкөлөргө нота жөнөттү. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүк Орусия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгиледи.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирүү менен "от менен ойноп жатат" деп билдирди.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды тартуу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна салым кошпой турганын жана терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Буга чейин Вашингтон Украинага 700 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтөрүн расмий жарыялаган. Ошондой эле Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости