www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын коопсуздугу, Донбасс менен Кырымдын макамы жөнүндөгү масалелер жалпы украиналык референдум аркылуу чечилет. Бул тууралуу Владимир Зеленский "Суспiльне" басылмасына берген интервьюсунда билдирди. Украина президенти Орусия менен сүйлөшүүлөрдөгү компромисстердин форматына эл гана жооп бериши керек экенин белгиледи.
24-январда Украина аймагына куралдуу кол салууну баштаган Владимир Путин украин бийлигинен НАТОго кирүүдөн баш тартууну, Кырымды Орусияныкы, Донецк менен Луганскты көз карандысыз республикалар катары таанууну, мындан тышкары "денацификация" менен "демилитаризацияны" талап кылган.
Украин бийлиги буга жооп иретинде НАТОго кирбей турганын айтып, бирок өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздук кепилдигин талап кылууда. Эки өлкө өкүлдөрү бир нече жолу жолугушуу өткөргөнү менен азырынча бир жыйынтыкка келише элек. Согуштун курмандыктарынын санын так айтуу мүмкүн эмес, бирок он миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар өлгөнү айтылып жатат.
Булак: NazarNews.kg