www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский - Экинчи дүйнөлүк согуштун сабактарын Москва унутуп калганын айтты, деп жазат РБК саясатчынын Telegram каналына шилтеме берүү менен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров италиялык Mediaset басылмасына берген интервьюсунда "эң жалындуу антисемиттер, эреже катары, еврейлер", - деп билдирген. Буга жооп катары Зеленский: "Орусиядагылар Экинчи дүйнөлүк согуштун бардык сабактарын унутуп калышты, балким, алар бул сабактарды эч качан үйрөнгөн да эмес", - деди.

2-майда Сергей Лавров Адольф Гитлердин тамыры жөөт болушу мүмкүн деп айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы муну Зеленскийдин жөөт экенин, ошондуктан Украинада нацизм болушу мүмкүн эмес деп айткан пикирлерди жокко чыгарууга араккеттенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости