www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштук аракеттер аяктагандан кийин өлкөнү калыбына келтирүүгө Орусия да, Европа өлкөлөрү да катышуусу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал шейшемби күнү The Wall Street Journal уюштурган аткаруучу директорлордун жыйынында видео форматта сүйлөп жатып билдирди.

«Украинаны калыбына келтирүү жана аны ким кылышы керектиги жөнүндө айтсам, мен Орусия [буга катышууга] тийиш деп ойлойм», - деди Зеленский.

Ал белгилегендей, Украина «бүткүл Европа үчүн күрөшөт».

Бул жагынан алганда, мен бүт Европа муну түшүнүп, өлкөбүздү, өнөр жайыбызды калыбына келтирүүгө жана албетте биздин рынокко келүүгө жардам бериши керек деп ишенем», - деп улантты Зеленский.

Ошол эле учурда украин лидери «Орусия Украинага репарация төлөп бериши керек» деп жүйө келтирди. «Биз муну так түшүнөбүз», - деди ал.

Зеленский ошондой эле, «Киев Батыш өлкөлөрүнөн тиешелүү сигналдарды алып жатканын» баса белгиледи.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости