www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Владимир Путин менен жолугушуу болбой калышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Бул тууралуу ал Украина-24 телеканалынын эфиринде билдирди.
Журналисттин «Бучада болгон окуядан» кийинки сүйлөшүүлөр боюнча позициясы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, ал азыркы кырдаалда эң жөнөкөй чечим аларды токтотуу болот деген оюн билдирди.
«Бирок жолугушууга мүмкүнчүлүк табуу жана Украина өз аймагын жоготпогон натыйжага жетишүү алда канча кыйын», - дейт Зеленский.
Биз өзүбүзгө ушундай чекти коюшубуз керек. Кандай болгон күндө да ошондой болот. Эч кандай жолугушуулар болбой калышы мүмкүн. Мындай болушу мүмкүн», - деди украин лидери.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Зеленский менен жолугушуудан эч качан баш тартпаганын баса белгилеген. Бирок аны ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн делегациялары тиешелүү документти даярдашы керек, деп эскертти Кремль.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg