www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кызматташууга даяр экенин жана орус-украина кагылышуусунун тез арада бүтүшүн каалай турганын билдирди. Тиешелүү билдирүү Зеленскийдин социалдык тармактагы баракчасында пайда болду.
«Эч ким чексиз согушту каалабайт. Украина мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүүгө отуруп, бекем тынчтыкка жетишүүгө даяр. Тынчтыкты украиндерден да көп каалаган жан жок болуш керек. Командам жана мен бекем тынчтыкка жетүү үчүн президент Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө даярбыз»,- деп жазган ал.
Зеленский Украина согушка чекит коюу үчүн тезирээк иштөөгө даяр экенин ырастап, бул үчүн биринчи кадам туткундарды алмашуу жана аба менен деңиздеги чабуулдардын токтотулушу зарыл экендигин болжолдогон.
Украинанын президенти Ак үйдөгү жолугушуу «күтүлгөндөй» болбогону моюнга алып. буга байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
«Мындай болуп калганы өкүнүчтүү. Баарын оңдоо мезгили келди. Биз мындан аркы кызматташтык жана байланыш конструктивдүү болсо деп каалайбыз», - деп белгиледи Зеленский.
Ал Украина пайдалуу кендер жөнүндөгү келишимге кол коюуга даяр экенин баса белгиледи.
Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда Зеленский менен пикир келишпестиктен кийин, ал тынчтыкты эмес, согуштук аракеттерди улантууну каалап жатат деп билдирүү жасаган. Ал Зеленскийге «тынчтыкка даяр болгондо» кайра сүйлөшүүгө келүүсүн сунуштаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Зеленскийден Ак үйдөгү урушу үчүн кечирим суроону күтүп жатканын айтты. Ал эми Украинанын президенти «Би-би-сиге» берген маегинде кечирим суроону ойлобогонун айтты.
3-мартта Трамптын администрациясы Украинага АКШнын аскердик жарда токтотуларын маалымдады.