www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, алар Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу аракеттери, Орусияга каршы санкциялар жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.
"Дрондор боюнча келишимдин долбоорун украин тарап даярдап койгон, биз аны кеңири талкуулап, түзүүгө даярбыз. Бул эң күчтүү келишимдердин бири болушу мүмкүн", — деп жазды Владимир Зеленский Telegram каналында.
Украин президенти кошумчалагандай, ал Дональд Трамп менен “коргонууга жардам бере турган биргелешкен европалык чечимдерди” талкуулады. Анын айтымында, Украинага Голландия, Швеция, Норвегия жана Даниядан америкалык куралдарды жеткирүү буга чейин макулдашылган. Дональд Трамп Владимир Зеленский менен болгон телефон сүйлөшүүсү боюнча комментарий бере элек.