www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Израиль менен ХАМАСтын жаңжалына бурулуп, Украинада ок-дарылардын жетишсиз болуп калышы бизди чегинүүгө аргасыз кылат. Бул туурасында Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргенин Bloomberg басылмасы жазды.
“Киев 155 миллиметрдик снаряддарга аябай муктаж болууда. Аны ташып келүү кескин түрдө азайып, Украин куралдуу күчтөрүн алсыратууда. Жакынкы Чыгыштагы жана башка себептер менен көңүлдүн борбору башка жакка бурулуп жатат. Колдоо болбосо биз чегинебиз. Бул жашоо, бул кадыресе көрүнүш, баары өз жанын сактоо үчүн күрөшөт”, — деген Зеленский.
Bloomberg басылмасы АКШ Израилге болгон аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүп, бирок “Газа секторундагы жай тургундардын өмүрүн кыюуга жол бербөөгө” чакырып жатат деген тейде жазды.
Булак: NazarNews.kg