www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө 800 миң аскерден турган армияны өз күчү менен кармап турууга каржылык мүмкүнчүлүгү жетпей турганын моюндады. Анын айтымында, Украина коопсуздукту сактоо үчүн армияны каржылоого эл аралык өнөктөштөрдү жарым-жартылай тартуу маселесин карап жатат.
Буга байланыштуу Батыш медиалары Евробиримдик менен АКШ Киевдин коопсуздугу боюнча бир нече документтерди макулдашканын жазышты. Алардын биринде Украин армиясынын санын тынчтык мезгилинде 800 миң адам деңгээлинде сактоо сунушталса, АКШ тарабы бул санды 600 миңге чейин кыскартууну колдогон. Европа өлкөлөрү болсо Украинанын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө жана аймактык жоготууларды мыйзамдаштырууга каршы чыгууда.
АКШнын тынчтык демилгесинде Донбассты толугу менен Россиянын карамагына өткөрүү, Крымды Москванын аймагы деп таануу, ошондой эле Украин армиясын эки эсе кыскартуу сунуштары камтылганы айтылууда. Ал эми Евробиримдик сунуштаган өзгөртүүлөрдө фронттогу кагылышууну учурдагы позицияларда токтотуу жана армиянын санын 800 миң деңгээлинде калтыруу каралган.