www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленский америкалык сенаторлордун делегациясына АКШнын жардамысыз Украина Россия менен кармашта жеңилип каларын билдирди. Бул туурасында Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Киевде өткөн жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатканда айткан.
"Президент Зеленский мага жана биздин делегацияга бул маанилүү жардамсыз Украина элине, АКШга, демократияга жана эркиндикке оор кесепетин тийгизген утулууга дуушар болорун айтты", — деп жазган Шумер Х социалдык тармагына.
Ал Өкүлдөр палатасы менен спикер Майк Жонсонду Сенат Киевге 60 миллиарддан ашык долларлык жардамды берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоого чакырган.
АКШнын бийлиги Украина декабрда эле колдоого берилген каражатты сарптап бүткөнүн жана Конгресс жаңы көмөк боюнча тиешелүү документти бекитмейин, Киев бийлигине курал-жарак, ок-дары жөнөтө албастыгын айтып келет.
Ак үй Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүн мыйзам долбоорун демократтар көпчүлүккө ээ болгон Сенат жактыргандан кийин тез арада бекитүүгө чакырууда. Жонсон палатаны Киевге жардам көрсөтүү боюнча документти кабыл алууга мажбурлоого мүмкүн эмес экенин да билдирди.
Булак: NazarNews.kg