www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский: Украина келишим түзүүгө даяр, Трамп менен байланыштар улана берет

Украина президенти Владимир Зеленский Британиядан учуп кетер алдында, АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон мамилелери уланарын билдирди.

Ошондой эле, ал Украина дагы эле америкалыктар менен чийки зат боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин айтты.

Зеленскийдин айтымында, Батыштын Украинага көрсөткөн колдоосу токтобойт.

Мындан тышкары, ал отставкага кетүү ниети жок экенин дагы бир жолу белгилеп, өз ордун алмаштыруу оңой болбой турганын айтты.

"Жөн эле шайлоо өткөрүү жетишсиз. Мени жарышка катыштырбоо керек болот. Бул бир аз татаалыраак маселе, анткени мен менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талап кылынат", – деди ал.

Бул сөздөр менен Зеленский, балким, Трамптын кеңешчиси Майк Уолтц менен АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Майк Джонсондун билдирүүлөрүнө жооп кайтарды. Алар Зеленский тынчтык келишимине макул болбосо, аны алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын кыйыткан.

Зеленский ошондой эле, эгерде Украина НАТОго кабыл алынса, анда өзүнүн кызматтан кетишине макул болорун айтты.

Ошондой эле, ал согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетүү азырынча "өтө-өтө алыстыктагы" маселе экенин белгиледи.

"Азырынча эч ким бул жараянды баштай элек", – деп кошумчалады ал.

Зеленский АКШнын кеңешчиси Уолтц тарабынан көтөрүлгөн, Украинанын аймактык жеңилдиктерге барышы керек деген идеяны да четке какты.

Ошол эле учурда, ал Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Батыш аскерлеринин "деңизде, кургактыкта жана асманда" болушу мүмкүн экенин айтты.

Белгилүү болгондой, Лондондогу саммиттен кийин Британиянын премьер-министри Киир Стармер Батыш күчтөрүнүн Украинада "жерде – аскер бут кийими, асманда – учактар" формасындагы катышуусун сунуштаган.

Эске салсак, АКШдагы Ак үйдө чыккан ачык чатактан кийин Трамп Зеленскийге "Ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат" деп айткан болчу.

Последние новости