www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Украинанын президенти Владимир Зеленский Испаниянын Гранада шаарында Европалык саясий шериктештиктин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Россия аскердик дараметин калыбына келтирүү максатында убактылуу Украинадагы куралдуу кагылышууну токтотуунун жолдорун издеп жатканын билдирди. Эгер ал ишке ашса, Зеленский болжолдогондой, 2028-жылы Россия кайрадан чабуулга өтөт, анда Украинага гана эмес, Балтика өлкөлөрүнө кол салышы ыктымал экенин кошумчалады. 

Ал Евробиримдикти АКШда Украинага колдоо көрсөтүүдө жаралган көйгөйлөргө карабастан тилектештикти сактоого чакырып, ошол эле учурда АКШ Киевди колдоону уланта берерине ишеним артарын белгиледи. Зеленский Украинага жаңы абадан коргонуу системаларын, артиллерияны, снаряддарды, алыс аралыкка учуучу ракеталарды жана дрондорду жеткирүүгө чакырды.

Белгилеп кетсек, АКШ 2024-жылга бюджетти кабыл ала элек. Анда Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каражат бөлүнүшү күмөн болуп турат. Буга дейре каралган ноябрдын ортосуна чейин бекитилген убактылуу бюджетте Украина үчүн акча каралган эмес.

Кыскасы, ойдо жок жерден саясаттын бийик сересине чыгып, президент болуп калган "клоун" Америка жана Батыштын тукуруусу менен Украинаны отко салып берип коюп, эми Европанын өзүн силерге Россия кол салат деген жөө жомокту айтып дөөрүп, коркута баштады. 

Ырасында, акыркы кездери Украинадан тажап, жардам бергиси келбей калган Батышты,  айласы кеткен "клоун" кантип ийге кетиришти билбей, "мага акча, курал жарактан тынымсыз жардам бербесеңер, Украина жеңилет, анан кезек силерге келет" деп коркутууга өттү. 

Сыягы, жакынкы аралыкта "иттен жок же, ит байлаган жиптен жок" ай талаада жалгыз калаарын сезип, торго түшкөн байлыктай чабалактай баштады көрүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости