www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Украинадагы аскердик абалды 26-марттан тарта 30 күнгө узартуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Раданын сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-мартында Украинанын президенти Владимир Зеленский "Украинадагы аскердик абалдын мөөнөтүн узартуу жөнүндө" № 2119-IX жарлыгын бекиткен мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам Украинадагы согуш убактысын 2022-жылдын 26-мартында саат 05:30дан тартып 30 күнгө узартты.

Белгилей кетсек, Украинага каршы согушту 24-мартта Орусия баштаган күндөн тартып, Зеленский өлкөсүндө согуштук абал киргизген. Эки тараптын бир нече жолку сүйлөшүүсү жыйынтык бере элек. Жакынкы күндөрү Орусия менен Украинанын лидерлери бетме-бет жолугушуусу мүмкүн экендигин маалымат булактары айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости