www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшембиде Киевде иш сапары менен жүргөн Эстониянын лидери Алар Карис менен биргелешкен маалымат жыйынында Киев Орусия менен дипломатиялык мамилени үзүүнү карап жатканын билдирди.
«Мага Тышкы иштер министрлигинен Украина менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди үзүү маселесин кароо өтүнүчү келип түштү. Мен азыр бул маселенин үстүндө иштейм, бул маселе боюнча гана эмес, Россия Федерациясынын эскалациясына карата биздин эффективдүү кадамдарыбыздын үстүндө иштейм», - деди ал.
Зеленский Орусиянын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) эгемендигин таануу чечими Орусиянын Украинага каршы «мындан ары куралдуу агрессиясына» укуктук негиз түзөт деп эсептейт.
«Биз бул чечими менен Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы Украина боюнча резолюциясын бузуп, бардык мүмкүн болгон эл аралык милдеттенмелерин бузуп, Украина мамлекетине каршы мындан аркы куралдуу агрессия үчүн укуктук негиз түзөт деп эсептейбиз», - деди ал.
Зеленский Украинага каршы «күчтүү согуш» башталса, аскердик абалды киргизээрин айтты.
«Украинага каршы күчтүү согуш болбойт деп ишенебиз. Анан кенен эскалация болбойт. Бирок алар киргизсе, биз аскердик абалды киргизебиз», - деди ал.
Украинанын башчысы ошондой эле Киев ДЭР менен ЛЭРдин украин аскерлерин Киев көзөмөлдөгөн Донбасс аймактарынан чыгарып кетүү өтүнүчүн карабай турганын билдирди.
«Биз алар менен байланышпайбыз. Биз анын ким экенин түшүнбөй жатабыз», - деди ал Киев Донбасс республикаларынын кайрылуусун карайбы деген суроого жооп берип жатып.
Зеленский Киев Орусия ДЭР менен ЛЭРди тааныгандан кийин Батыштан «тез жардам жана колдоо» күтөрүн айтты. Анын айтымында, Украина бардык тобокелчиликтерди түшүнөт жана Орусия Федерациясын сүйлөшүүгө чакырат.
Эске салсак, 21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу жөнүндө жарлыктарга, ошондой эле республикалар менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерге кол койду.
Ошол эле күнү эртең менен ДЭР менен ЛЭРдин жетекчилери Денис Пушилин менен Леонид Пасечник Путинден республикалардын көз карандысыздыгын таанууну суранышкан.
Булак: NazarNews.kg