www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө кошумча жардам керек экенин 11-апрелде Түштүк Кореянын парламентине жасаган кайрылуусунда билдирди.

Ал эл аралык коомчулук мажбурламайын Орусия согушту токтотпостугун кошумчалады. Зеленскийдин айтымында, Москва учурда Украинанын чыгышында он миңдеген аскерлерин топтоп, ири кол салууга камданып жатат.

Орус армиясы стратегиялык деп эсептелген, курчоодогу Мариупол шаарын толук өз карамагына алуунун аракетинде.

"Мариупол толук талкаланды, он миңдеген адам курман болду. Бирок ага карабай орус армиясы чабуулдарын токтото элек",-деди Зеленский. Ал айткан сандарды көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

10-апрелде Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган сүрөттөрдү таратты. Анда 13 чакырымга созулган орус армиясынын кербени Донбасс аймагын көздөй баратканын көрүүгө болот.

Маалыматтарга караганда, бул аскердик кербей орус армиясынын көзөмөлүндөгү Изюм шаарына баратышы ыктымал.

Орус армиясы Донбасска ушул жумада кол салышы мүмкүн экенин президент Зеленский буга чейин эскерткен. Мунун алдында Кремл Украинадагы согушту жетектөөнү генерал Александр Дворниковго тапшырды. Буга чейин ал Сириядагы операцияны жетектеп, сыйлыкка татыган. АКШнын расмий адамдарынын айтымында, Путин Донбассты алууга бардык күчүн жумшап, 9-майда ал жакта Жеңиш майрамын белгилөөнү көздөп жатат.

Кремл өзүнүн аракеттери тууралуу айтылган маалыматтарга үн каткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости