www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский 29-марттын кечиндеги видео кайрылуусунда Ыстамбулда өткөн орус-украин сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы тууралуу пикирин билдирди. Ал - Москва менен сүйлөшүүнү Киев улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айтты. Ошондой эле, Зеленский украиндер баёо эмес экенин, алар конкреттүү жыйынтыкка гана ишенээрин белгиледи.

«Биз сергектикти жоготпошубуз керек. Абал жеңилдеп кеткен жок. Кыйынчылыктын деңгээли төмөндөгөн жок. Орус армиясынын биздин мамлекетке чабуулун улантуу үчүн дагы деле чоң потенциалы бар», - деди Зеленский.

Шейшембиде Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген.

Бирок Украинанын армиясы орус тараптын бул убадасы Киевди адаштырууну жана аскердик бөлүктөрдүн ордун жылдырууну гана көздөй турганын эскертти.

Улуу Британия менен АКШнын жетекчилиги да Москванын соңку чечиминен күмөн санап, Орусиянын сөзүнө эмес, ишине карап гана баа бере турганын билдиришти.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости