www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн дүйнөлүк саясаттагы эң көп талкууланган фигуралардын бири. Бирок анын саясий чечимдерин, мүнөзүн жана каршылыкка туруктуулугун түшүнүү үчүн үй-бүлөлүк тарбиясына, айрыкча атасынын ролуна көңүл буруу зарыл.

Владимир Зеленский 1978-жылы Украинанын Кривой Рог шаарында интеллигенттүү үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын атасы Александр Семёнович Зеленский советтик жана постсоветтик илимий чөйрөдө таанымал адис болгон. Ал техникалык илимдердин доктору, профессор, компьютердик илимдер жана маалыматтык технологиялар тармагында көп жыл жетекчилик кызматта иштеген. Анын илимий эмгектери негизинен тоо-кен өндүрүшүндөгү автоматташтыруу жана эсепке алуу системаларына арналган. Ар кыл булактарга ылайык, ал 140тан ашуун илимий макаланын автору.

Александр Зеленскийдин өмүр жолунда өзгөчө бир факт бар. Ал 20 жылга жакын Монголияда жашап, иштеген. Бул мезгилде ал Эрдэнэт шаарындагы ири тоо-кен комбинатынын курулушуна илимий жактан катышкан. Дал ушул учур Владимирдин балалык чагына туш келип, келечектеги президенттин дүйнө таанымына таасир эткени айтылат. Айрым биографиялык булактарда чет өлкөдө жашоо, советтик системанын сыртындагы тажрыйба жана илимий дисциплина Зеленскийдин прагматикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырган факторлор катары бааланат. Зеленский өзү да атасынын тарбиясы катуу болгонун жашырбайт. Анын айтымында, ата-энеси адилеттүүлүккө, жоопкерчиликке жана эмгекке өзгөчө маани берген. 

2019-жылы Владимир Зеленский президенттикке талапкерлигин койгондо, ата-энеси бул чечимди кубаттабастан, тескерисинче, каршы болгон. Апасы Римма Зеленскаянын сөзүнө караганда, алар президенттик кызматты “коркунучтуу жана кир саясат” деп эсептешкен. Бирок ошол эле учурда алар уулунун уурулукка барбай турганына, мамлекеттин байлыгын коргой турганына ишенишкен. Бул ишеним да, көпчүлүк аналитиктердин пикиринде, атасынын принципиалдуу мүнөзү менен түздөн-түз байланыштуу.

Акыркы жылдары чет элдик маалымат каражаттары Зеленскийдин ата-энеси “чет өлкөдө люкс жашоо өткөрүп жатат” деген маалыматтарды тараткан. Бирок украин булактары жана президенттин өзү бул маалыматтарды четке кагып, ата-энеси Украинада экенин, кырдаалды кылдат көзөмөлдөп, өлкөнүн жеңишине ишенип турушканын билдиришкен.

Александр Зеленский саясатчынын атасы гана эмес, советтик мектептен чыккан, тартипти жана жоопкерчиликти жогору койгон илимпоз катары таанымал.

Последние новости