www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Михаил Федоров – Владимир Зеленскийдин командасындагы эң жаш, ошол эле учурда эң таасирдүү фигуралардын бири. Ал саясатка шоу-бизнестен эмес, санариптик технологиялардан келген жаңы муундун өкүлү катары айырмаланды. Жупуну шартта чоңойгон айылдык бала SMM жана Дижитал-маркетинг аркылуу (интернет аркылуу аудитория чогулткан, көрүүлөрдү көбөйткөн, брендди күчөткөн адис катары) «Квартал 95ке», андан соң түз эле Зеленскийдин ишенимдүү чөйрөсүнө жол тапты. 

Ал 2019-жылы Владимир Зеленский менен бирге Украинанын саясатына келген жаңы адамдардын бири. Ошол эле учурда ал көп жылдардан бери президентке жакын болуп, анын эбегейсиз ишенимине ээ болгон саналуу адамдардын бири.

Карьерасын 2019-жылдан тарта Санариптик өнүктүрүү министри болуп баштаган Федоров Украинадагы эң ийгиликтүү реформалардын бирин ишке ашырды. Анын «Дія» платформасы, «Дрондор армиясы», UNITED24 сыяктуу долбоорлору, согуш маалында да технология мамлекеттин күчтүү куралы боло аларын далилдеди. Дал ушул ыкчамдык, натыйжага багытталган башкаруу стили жана президент менен түз байланыш Федоровду саясий атаандаштарынын ар кандай интригаларынан сактап калды.

Анын 2026-жылы Коргоо министри болуп дайындалышы кадрдык сюрприз болгону менен, логикалык кадам катары бааланды. Зеленский үчүн Федоров бюрократ эмес, системаны бузуп, согушту технологиялык деңгээлге чыгара алган менеджер. Чыр-чатактарга жана сынга карабастан Федоров жыйынтык, натыйжа көрсөткөн кадр катары Украинадагы жаңы саясий муундун символу бойдон калууда.

Булак: NazarNews

Последние новости