www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин президентинин мурдагы маалымат катчысы Юлия Мендель америкалык журналист Такер Карлсонго берген менен болгон маегинде Владимир Зеленскийдин саясатын жана жүрүм-турумун кескин сынга алды.

Анын айтымында, Зеленский эл алдында жөнөкөй адамдын образын түзгөнү менен, бийлик ичинде бардык чечимдерди жеке кызыкчылык менен кабыл алган. Мендель президенттин айланасында коррупциялык схемалар иштеп, мамлекеттик долбоорлор аркылуу мыйзамсыз акча табуу фактылары болгонун билдирди.

Ошондой эле ал Зеленскийди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болгон саясатчы катары мүнөздөп, анын позициясы дайыма өзгөрүп турарын айтты. Мендель 2022-жылдагы Стамбул сүйлөшүүлөрүндө Донбасс боюнча башкача көз караш айтылганын эске салып, азыркы билдирүүлөрү мурдагы сөздөрүнө каршы келерин белгиледи.

Маекте Зеленскийдин эмоционалдуу чечимдерди кабыл алары, айрым чөйрөлөрдө анын баңгизат колдонгону тууралуу сөздөр айтылып келери да сөз болду. Мындан тышкары, ал Киевдеги айрым күчтөр тынчтыкты кааласа да, согуштун уланышы айрым саясий жана каржылык кызыкчылыктарга пайдалуу болуп жатканын белгиледи.

Мендель ошондой эле Зеленский АКШнын мурдагы президенти Joe Biden алсыз саясат жүргүзүп жатат деп эсептеп, Украинаны НАТОго киргизүүгө үмүттөнгөнүн айтты.

Последние новости