www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Вьетнамдын компетенттүү органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, жабырлануучуларга алдамчылык менен 16,4 млн сом өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген Т.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны КР ИИМ жана Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Бишкек шаарына жеткирилип, ага карата кылмыш куугунтуктоону улантуу үчүн тергөө абагына камакка алынды.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эл аралык келишимдерди аткаруунун алкагында тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча ырааттуу иштерди улантууда. Бул иштер жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принцибин камсыз кылууга багытталган.