www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ата-энелерине өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү өлкөдө аутизм, шал илдети, Даун синдромуна чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатканына кейип, бул багыттагы бир катар маселелерди көтөрдү.

"Майып, шал, аутизм же Даун синдромуна кабылган балдарды ата-энеси түнү-күнү карайт. 6 300 сомдон 8 000 сомго чейин каражат алышат. Ошону өкмөт эки эсе көтөрүп берсе... Анткени реабилитациялык борборлор, массаж, кам көрүүчү жерлерге алып барат, өкмөт бөлгөн акча таптакыр жетпейт", — деди Акаев.

Ошондой эле ал аймактарда, райондун борборлорунда бош турган имараттарды өзгөчө камкордукка муктаж балдарга ылайыктап реабилитациялык борборлорго айлантууну сунуштады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости