www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан Мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы майор С.Ч.М., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз материалдык баюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым бөлүктөрүнө ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.
С.Ч.М. жарандан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок аткарган эмес. Буга байланыштуу мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.
Бул факты боюнча 2025-жылдын 5-августунда С.Ч.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылып, бул кылмышты жасоого башка адамдардын дагы катыштыгы аныкталууда.
УКМК мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияга каршы максаттуу иштерди улантып жана коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылганын эскертет.