www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштун Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм каза болгонун Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-октябрда саат 13:35тер чамасында Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын 14 жаштагы И.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу айтылган.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.
Өзгөн райондук милициясынын ыкчам маалыматына ылайык, 16-октябрда саат болжол менен 10:00дө Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги жардын түбүнөн өспүрүм жараат алган абалда табылган. Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү Киров менен Шагым айылдарындагы мектептин 9-10-класстарынын окуучулары пикир-келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган.
Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg