www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-апрелинен 1-майга караган түнү саат 00:10 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы Келте жана Жылалды айылдарында сел жүрүп, 2 турак жайдын жер төлөөсүн жана 8 үйдүн короо-сарайларын суу каптады.
Тазалоо иштерине ӨКМден 24 куткаруучу, 2 мотопомпа жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 35 кызматкер тартылды.
Мырза-Аке айылындагы Ловчий сел каналы саат 01:45те толук тазаланып, кооптуулук жоюлду.
Ошондой эле Мырза-Аке — Алтын-Булак автожолунун 4 жерине сел кыяңдары түшүп, жол толугу менен жабылган. №5 Жол тейлөө кызматынын 3 техникасы тартылып, саат 02:45те жол бир тараптуу ачылды.