www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 7-август күнү, Өзгөн шаарында Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы «Т.Б.К.» кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды.
Буга чейин КР УКМКга «Ж.С.Ж.» аттуу жаран Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы «Т.Б.К.»га карата чара көрүү суранычы менен арыз жазып кайрылган. Арызда берилген маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаган.
Аталган факт боюнча КР КЖК 156-беренесинин 1-бөлүгү «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.