www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунун тургунун ур-токмокко алуу фактысы боюнча мурда уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматка А.А.А. аттуу жаран кайрылып, криминалдык элементтер тарабынан катуу сабалгандыгын билдирген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыздануучунун денесинен оор жаракат аныкталып, өмүрүнө коркунуч келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка катыштыгы бар 1994-жылы туулган (мурда үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган) А.Ж.Т. жана 2005-жылы туулган А.К.А. кармалды.

Маалымдалгандай, кармалгандар буга чейин "Коен" каймана аттуу Н.М.нын кылмыштуу тобу менен байланышта болушкан.

УКМК кылмыштуулукка бөгөт коюу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иштерди улантууда. Андыктан кылмыштуу идеологияны колдонгон адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө маалыматы барлар болсо билдирүүнү өтүнөт.

Последние новости