www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңешине жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жумушчу түшкү тамагына катышты.
«I5» форматындагы жолугушууга Австрия, Кыргызстан, Португалия, Тринидад жана Тобаго, Зимбабвенин тышкы иштер министрлери катышты.
Жээнбек Кулубаев өнөктөштөрүн шайланышы менен куттуктап, Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү өлкө тарыхында биринчи жолу болорун белгиледи. Министр бул мүчөлүк тарыхый жетишкендик гана эмес, БУУга мүчө мамлекеттер алдында чоң жоопкерчилик экенин айтты.
Ал «I5» өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешиндеги иши эл аралык саясаттагы татаал мезгилге туш келип жатканын белгилеп, диалог үчүн мейкиндикти сактоо маанилүү экенине токтолду.
Министр Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешиндеги негизги артыкчылыктарынын бири катары превентивдүү дипломатияны атады. Ошондой эле Борбордук Азиядагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасына, Афганистандагы кырдаалга жана коопсуздук менен өнүгүүнүн өз ара байланышы боюнча маселелерге токтолду.
Мындан тышкары, климаттык, суу жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктер айтылып, 2027-жылы Бишкекте өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммити эске салынды.
Жолугушууда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн үзгүлтүксүз консультацияларын өткөрүү, өлкөлөрдүн регионалдык тажрыйбасын пайдалануу, эрте эскертүү механизмдерин колдоо жана Тынчтыкты куруу боюнча комиссия менен кызматташууну күчөтүү сунушталды.
Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ачык жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.