www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык “AnTuTu” смартфондор менен планшеттерди сыноо жана анын иштешин текшерүү компаниясы уюлдук телефондордун капчыкка ыңгайлуулугу боюнча рейтинг жарыялады. Бул тууралуу News.ru басылмаcы жазды.

Маалыматка ылайык, 1 миң 499 юанга (17 миң 247 сом) чейинки бюджеттик шаймандар категориясында биринчи орунду Xiaomi Redmi Note 8 Pro ээледи.

Рейтингдин авторлорунун айтымында, бул смартфонго орнотулган MediaTek Helio G90T процессорунун иштөөсү заманбап 3D-оюндарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай заманбап жана сапаттуу көрүнүш жогорудагы баага өтө эле арзандык кылаарын баса белгилешкен. Ошондой эле алар мындай баага туура келген аппараттын сейрек кездешүүчү 64 мегапикселдүү камерасын белгилешти.

Анда Redmi 9, Redmi K30 5G, Honor 9X, Redmi K30i 5G, Redmi 10X 5G, Honor Play 4T Pro, Redmi K30 жана Vivo Y5s смартфондору дагы жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости