www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды.

Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости