www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Орто-Токой суу сактагычындагы жана башка көлмөлөрдөгү суунун көлөмүн жана деңгээлин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Азыркы учурда облустун негизги суу сактагычтарында 625,17 млн кубметр суу топтолгон, бул жалпы көлөмдүн 100%ын түзөт. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун көлөмү 467 млн кубметр, же жалпы көлөмдүн 75%ын түзгөн.
Учурда суу сактагычтардагы суунун көлөмү төмөнкүдөй:
Облус башчысы суунун көлөмүн гана эмес, жер-жерлердеги техникаларды, ошондой эле Чүй өрөөнүндөгү тазалыкты жана тартипти текшерди.
Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл Чоң-Кемин тоо капчыгайында болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө селдин жүрүшүн алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү жана аткарууну тапшырды.
"Айыл чарбасында суу жогорку сапаттагы жемиштүү түшүм алууну камсыз кылуу үчүн зарыл. Ар бир дыйкан түшүмү керектүү көлөмдөгү сууну ала албай калат деп кабатыр болбошу керек", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg