www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшынын жарыгы

Жакшылыктын кичинеси, чоңу болбойт. Адам көңүлүн көкөлөткөн – кымындай эле жакшы кабар, жакшы мамиле, жылуу сөз. Же тескерисинче, кымындай эле жаман сөз көңүлдү чөгөрүп, жүрөктү оорутуп коюшу мүмкүн.

Биз мындан ары гезитибиздин ар бир санында сөз кылып турмакчы болгон адамдар биздин эле арабызда жашашат, көпчүлүктөн эч өзгөчөлөнбөй, биз түшкөн троллейбуска түшүшөт, биз кирген дүкөндөн нан сатып алышат.

Бирок, көпчүлүктөн алардын бир айырмачылыгы – күнүгө бирөөгө жакшылык кылып, бирөөнүн көңүлүн сүйүнткөндү өздөрүнө адат кылып алышкан. Бул алар үчүн демейдеги нерсе, турмуш образы болуп калган.

Рустам Умаралиев экөөбүз жакын доспуз. Тырмактай кезден бирге өсүп, бир класста окудук. Кичинесинен эле спортко жакын болчу. Биздин айылда бокс мээлей жалгыз эле Рустамда бар эле.

Азыр ал ишкер болуп кеткен. Ошто өзүнүн “Жоролор” деп аталган спорт, ден соолукту чыңдоочу борбору бар. Ар бир ишемби күнү эртең менен кол алдында иштегендерди катарга тизип, Сулайман тоого чейин чуркатып барат. Ал жерде бир аз дене көнүгүүлөрүн жасаткан соң стадионго алып келип, футбол ойнотот. Ошондон кийин үйлөрүнө жооп берет. “Эми каалагандай эс алгыла” дейт.

Айына бир жолу, кээде эки жолу айылдан классташтарды да алып келип, топ ойнотот, мончого түшүрөт да, анан аш жедиртип, кайра узатып коёт. Өзүнүн офисинин бир бурчундагы чоң залды мейманкана өңдөнтүп жасап койгон. Биздин айылдан Ошко жумуштап, же айылчылап келип, кайра кете албай калган жердештерибиздин баары ошол жерге келип, бекер түнөшөт.

Аларды да тамагын берип сыйлап, узатып коёт. Жыл сайын бир жолу досторду, кээде жөн гана айылдаштарды Көлгө алып келип, футбол ойнотуп, эс алдыртат. Бир жолу көп жыл абакта отуруп келген бир жигитти кочегар кылып жумушка алыптыр. Өзүнө айтпаганым менен ичимен “кандай болор экен” деп ойлоп койгом. Кийинки жолу барсам, ал жигит машина минип калыптыр.

“Айлыгынын бир бөлүгүн өзүнө билдирбей чогултуп жүрүп, бир күн машина сатып бердим. Азыр бечара кечке машинасы менен убара. Кечкурун жатканда да ичине жатат” дейт. Досумдун айтуусуна караганда, азыр ал жигит үй-бүлөсү, балдары менен кайра табышып, чогуу жашап атыптыр. Өзүн адам сезип, өзүн кимдир бирөөлөргө керек сезип, кадимки жашоого кайткан экен байкуш жигит.

Ага себеп болгон бир эле адам, бир аз эле адамдык жылуу мамиле... Досумдун өтө ашып-ташыган деле байлыгы жок. Бирок жүрөгү, пейили башкалардыкынан өзгөчө. Дүйнөдөгү эң чоң, эң табылгыс байлык ушул эмеспи!

Булак: Азия News гезити

Последние новости