www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Аспековдун адвокаты Назира Абышкаева 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жактоочу активист кармалгандан бери өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча бир жолу сурак бергенин, башка эч кандай көрсөтмө бербегенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, УКМК буга чейин Мелис Аспеков жана Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгонун билдирген.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Өз кезегинде Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин жарыялаган. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна Аспеков өзүнүн шайлоо штабында иштебей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости