www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инанды Анкарада Синжан районундагы катуу көзөмөлдөгү түрмөдө кармалууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтокунова билдирет.
Анын айтымында, Орхан Инанды Бишкекте 31-май күнү кечки 23:00дө кармалган. Аны үч киши токтотуп, өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жеңил унаага күч менен салып кеткен.
«Машинада анын колун кайрып, үстүнө олтурушкан. Ошол кезде колу сынган шекилди. Бирөө бутун, дагы бирөө башын кармап олтурган. Орхон Инандынын чөнтөгүндөгүнүн баарын көчөгө ыргытып ийишкен. Бут кийими дагы сыртта калган.
Орхан Инандынын божомолунда, Бишкектен чыгып, Кара-Балта тарапка жол тартышкан. Шаардан чыгып, джип унаасына отурушкан. Анда Инандыга ийне сайышкан. Арткы олтургучка отургузуп, көзүнө скотч чаптап, колун кишендешкен. Уурдаган адамдар ага кыргыз тилинде кайрылып, атүгүл «кабатыр болбоңуз, баары жакшы болот» деп айткан», — дейт жактоочу.
Булак: NazarNews.kg