www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жана Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Кант шаарында жеке жактоочу С.Р.Т. кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, С.Р.Т. коркутуу жана шантаж жолу менен жаран А.М.М.дан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн акча каражаттарын талап кылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган жаран Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.