www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жактоочу Самат Матцаков камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, Матцаковдун бөгөт чарасы 24-февралда каралган. УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот Матцаковду эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон.
Эскерте кетсек, Самат Матцаков — камакта отурган ишкер Имамидин Ташовдун, абакка кесилген акын Аскат Жетиген жана журналист Актилек Капаровдун жактоочусу.
УКМК Матцаковду 2024-жылы 29-ноябрда «алдамчылыкка» жана «документ жасалмалоого» шектеп кармаган. Ошондон бери ал камакта болуп келген.