www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында Абдил Сегизбаев катышкан видеону таратуу факты боюнча жактоочу Кайсын Абакиров расмий билдирүү таратты. Анын айтымында, видеонун таркатылышына Сегизбаевдин эч кандай тиешеси жок.

«Социалдык түйүндөрдө А.К.Сегизбаевдин сөзүн чагылдырган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу видеотасма тарап жатат. Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын президентинин шайлоо кампаниясы учурунда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген.

Видеонун таркатылышына А.К.Сегизбаевдин эч кандай тиешеси жок жана биз блогерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз, анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болушу ммкн», - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сегизбаев бул видеого байланыштуу 14-августта сурак берип чыкканын билдирген. Ал видеоматериалды Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынан жайгаштырган Ырыс Жекшеналиев 16-августта эки айга камалды.

Садыр Жапаров 14-августта президент бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости