www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүп жатышат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кечээ, 14-январда Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.

Сотто актоочу тарап анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч беришет.

Белгилей кетсек, Жогорку сот былтыр 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Атамбаев июнь айында райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Бул ортодо ал Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу да айыпталган. Бул иштердин баары бириктирилип сотто каралууда.

Ал эми бул боюнча Атамбаев жана анын тарапкерлери, адвокаттар ага карата козголгон иштерди «саясий куугунтук» деп атап келишет.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости