www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында үч министр кызматынан кетиши мүмкүн...

Чукул арада кадрдык өзгөрүүлөр орун алаары күтүлүүдө. Президент Садыр Жапаров өз ишин тарта албай коомдо нааразычылыктарга себеп жаратып жаткан бир катар министрлерди иштен алышы мүмкүн экени айтылууда. 

Башкача айтканда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жакынкы аралыкта кызматынан кетиши мүмкүн. Буга анын аталган тармактын ишин өзү убада кылгандай жөндөй албай жатканы, аттестат чуусу сыяктуу иштер шылтоо катары иштен алууга негиз болот. 

Ошондой эле, быйыл сугат суусун дыйкандарга оңдуу жеткирип бере албай, айыл чарба тармагы өлчөөсүз зыян тартып, түшүмдүүлүк кыскарды. Дыйкандар чыгымга учурады. Мунун эпкини айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго тийгени калды. 

Мындан сырткары, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова дагы иштен бошой турган жетекчилердин катарын толуктаганы турат. Бул айым министр дагы өзүнө тиешелүү болгон тармакты жөнгө сала албай алсыздык кылып, дары-дармек, ооруканалардагы коррупциялык схемаларды жоюга чамасы жетпей жатканы себеп экени кеп болуп жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости