www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил менен Ирандын ортосундагы соңку аскердик чыңалуу дүйнөлүк мунай рыногуна таасир этип, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 5% өсүп, баррели 97 долларга жетти.

7-июнда Иран Израилге ракета аткылап, ага жооп катары Израил Ирандагы аскердик объектилерге жана мунай-химиялык ишканага сокку урду. Бул эки өлкө ортосундагы акыркы эки айдагы эң ири эскалация болуп калды.

АКШ президенти Дональд Трамп тараптарды ок атышууну токтотууга чакырып, тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирди. Көп өтпөй Иран Израилди аткылоону токтотконун жарыялады.

Ошол эле учурда Ирандагы согуштук аракеттер өлкөнүн экономикасына оор сокку уруп, инфляция менен жумушсуздук күчөдү. Өкмөттүн маалыматына ылайык, жаңжалдан улам бир миллионго жакын адам жумушсуз калган.

Последние новости