www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.
Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Белгиленгендей, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү элчиликтердин, консулдуктардын базасында жарандарга чукул жардам көрсөтүү жана консультация берүү үчүн “ыкчам байланыш” телефондорунун иши үзгүлтүксүз улантылышы керек.
“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз шарт. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз”, - деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.