www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тору-Айгыр айылында 2-3 жылдын ичинде алгачкы күн электр станциясы (КЭС) ишке кирет.

Бүгүн, 30 апрелде долбоорунун презентациясы өтүп, «Bishkek Solar» ЖЧКсынын башкы директору Искенбаев Азамат, айылдык кеңештеринин өкүлдөрү, долбоордун үстүндө иш алып баргандар жана алардын партнёрлорунун катышуусунда иш-чарага болуп өттү.

Иш-чарада Ысык-Көл облусунун акиминин орун басасы Акматова Динара өз сөзүндө бул долбоордун ишке ашуусу менен региондун тургундары иш орундары менен камсыз болорун билдирди. Анын айтымында, болжолу менен 300-400 жумуш оруну түзүлөт.

«Bishkek Solar» компаниясынын өкүлү Маманазарова Айзат көлдөгү суу азайып баратканына токтолуп, суу маселесин чечүүгө аталган компания дагы өз салымын кошорун баса белгиледи.

Ошондой эле, Аксакалдардын кеңеши да өз пикирин билдиришип, башында проект менен таанышып, “ушунча жер кетип жатат, анын тагдыры кандай болот, экологияны бузбайбы, дагы кандай иш чаралар болот” деген суроолор пайда болуп, коркушканын, бирок азыр долбоор жакшы жакка алып келерине үмүт артып жатышканын билдирди.

"ТГС" компаниясынын аткаруучу директору Жоомарт Моменбаевдин айтымына караганда, Күн электр станциясы үчүн керекетелүүчү металл жана материалдардын баары Кыргызстанда бар, бирок долбоорду ишке ашырууга 300 млн. доллар инвестиция керек. Ошондуктан өкмөттүн жана тышкы инвесторлордун колдоосу зарыл.

Маалыматка караганда, «КЭС 300 МВт. Тору-Айгыр 2022» долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат. Анын болжолдуу жылдык өндүрүмү 600 миллион кВт. сааттан ашык. Бул жылына 140 миллион кубометр жаратылыш газын колдонууга барабар.

Бул станциянын ишке кириши менен жылына 300 миң тоннадан ашык CO2нин (көмүр кычкыл газы) атмосферага бөлүнүп чыгуусуна бөгөт коюлуп, аймактагы энергетикалык тартыштыкты жоюуга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоо жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу боюнча «Bishkek Solar» ЖЧКсынын өнөктөшү болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарын туруктуу энергия жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында кубаттуулугу 30 МВт. болгон күн электр станциясын куруу боюнча социалдык долбоордун үстүндө дагы активдүү иштер жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости