www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында жакыр аялдар үйлүү болушат

Өзбекстанда аз камсыз болгон аялдарды үйлүү кылуу үчүн бюджеттен 421 миллиард сум (болжол менен 40 миллион 102 миң сом) бөлүнөт. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин айтымына таянып маалымат булактары жазышууда. 

Маалыматка караганда, Мирзиёев Ташкентте эл аралык конгресс борборунда аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап, аларды социалдык жана материалдык жактан колдоо үчүн кезектеги токтомго кол койгон.

--"Документте жазылгандай, бул жылы бюджеттен жалгыз бой аялдарды, аз камсыз болгон кыз-келиндерге жардам катары 210 миллиард сум (болжол менен 20 миллион доллар) жана там-ташы жокторду социалдык турак жай менен камсыз кылуу үчүн 211 миллиард сум (20 миллион доллардын тегереги) бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, каражаттын бир бөлүгү материалдык жардам, дарылоо, кесиптик окутуу жана аялдарды иш менен камсыз кылууга жумшалары кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости