www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад – Маданият жолунун 20 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт

Быйыл Жалал-Абад – Маданият жолунун 20 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жол курулушун жүргүзүп жаткан “Азвирт” компаниясынын жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. 

3 тараптуу жолугушууда өкмөт өкүлү жол куруу иштерин тездетүү, белгиленген мөөнөтүндө аягына чыгаруу керек экенин эскертти.

 Ошол эле учурда жолдун курулушу тууралуу элге байма-бай маалымат берип туруу маселеси айтылды. Асфальтталып жаткан Жалал-Абад - Маданият жолунунун узундугу 67 чакырымды түзөт. 

Былтыр 16 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөн. Жолдун курулушун 2022-жылдын июнь айында бүткөрүү пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости