www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин атам Чыдыев Тынай 1943 - жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда мен 4 жашта экем. Атам мени жерден көтөрүп алып, бетимен өөп,  жерге түшүрүп атын чаап кеткени өмүр бою көз алдымда, деген катын Талас шаарынын тургуну Жакып ата NazarNews.kg маалымат агенттигине жолдоду. 

Төмөндө Жакып атанын атасына болгон кусалык каты толугу менен: 

Атам согуштан кайткан жок. Апам Бүбүкан 29 жашында 5 бала менен жесир калган. Атаңар дайынсыз кетти деп, апам ыйлап калаар эле. Акыркы катында - “Алдымда от, артымда от, батышты коздой немистерди кууп кетип баратабыз” - деп жазылган экен. Атамды көпкө издедим. Орусча жазылганда фамилиясында ката жазылып калган. Жакында неберем интернет аркылуу таап берди атамды. Атам 1944-жылы Белоруссия жеринде курман болгон экен.

Балдарым менен атама барып, кеч болсо да куран окуп, топурак салып келдим. Токойдун арасында “Братская могила” да миңден ашык солдаттардын фамилиясы, аты жазылган. Согушта курман болгон солдаттардын акыркы түнөгү, Белоруссия эли тарабынан жакшы каралып турат экен. Өмүр бою атама болгон сагыныч, кусалык, согуш убагында тарткан азап - тозоктор, жетимчилик көзүмөн жаш болуп куюлуп куран окуй албай ыйлап турдум.

Мекенинен ушунча алыс жерде калганына, 76 жыл бою таба албаганыма арман кылдым. Бир жагынан кеч болсо да өзүндү тапканыма, түбөлүк жаткан жериңе келгениме ичимден кудайга ыраазы болдум.

Кош Ата, эми мен кайра келемби, келбеймби, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко жаның бийик жаннатта болсун. Сага эч кандай сыйлык берилбей калса да, сен биз үчүн баатырсың.

Кырк үч жашында биздин Советтер Союзу деген чоң Мекенибиз үчүн жанынды берип, баатырларча курман болгонсуң.

Кантейин Ата, кош эми....

Белоруссия жерине келип, атама куран окуп келгенге жардам көрсөткөн Талас областынын губернатору Мураталиев Марат балама, бөлүм башчысы (социалдык мониторинг) Наралиев Төлөгөн балама өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Ушул балдарыма узун өмүр тилеймин, иштеринде дайым ийгиликтер болсун. Кичи пейил, ишин жакшы билген Таласымдын мыкты, чыгаан жигиттери өсө берсин. Манас атабыздын арбагы дайым колдоп жүрсүн.

Тынаев Жакып, Талас шаары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости