www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад: 65 айылга инвестиция тартылат

«CASA-1000» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы 65 айылда социалдык-экономикалык пландар ишке ашырылат. Ага өкмөт менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөн.

Бүгүн Өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик жетекчилери жыйын өткөрдү.

Анда айтылгандай, пандемияда жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көңүл бурулат. Алгач Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалат.

Облус башчысы тез аранын ичинде жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүп, аткарылуучу иштин багыттарын тандоо тапшырмасын берди. Аны менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүү, каражатты максаттуу пайдаланууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жоопкерчилик алаарын эскертти.

Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иш алып барып Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион долларды түзүп, анын 50 пайызы кайтарымсыз грант болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости