www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан даярдык иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ушул максатта Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов объектилердеги даярдык иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү.
Иш сапардын алкагында директор 220/110/10 кВ «Төрөбаев» көмөк чордонуна жана 110/35/10 кВ «Сузак» көмөк чордонуна барып, жабдуулардын абалы, оңдоо жана тейлөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуу үчүн аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйүнбек Усенов тиешелүү кызматкерлерге жабдууларды өз убагында текшерип, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана күз-кыш мезгилине даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.