www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталган шардык кеңештин өткөн сессиясында депутаттар “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карашып, бирок, алар кабыл алган токтом мыйзамсыз экенин шаардык прокуратура көздөрүнө сайып көрсөтүп берип койду.

Эми депутаттар жана аларды “көмүскө” тукурган болушу мүмкүн болгон айрым күчтөр эмне кылышаарын билбей, баштарын кашып турган чагы.

Ошол эле Төлөнов жергиликтүү аткаруу бийлиги тарабынан аны кызматтан алуунун ар кандай аракеттери болуп жаткандыгын, депутаттар буюртма аткарып жаткандай сезилгендигин жашырган жок.

- Мен ошол күнү иш сапары менен Бишкекке жөнөшүм керек эле, ал жакта таза суу долбоорунун экинчи фазасы боюнча иштер болмок. Сессияда мага эч кандай эскертүүсүз, түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк бербестен эле, мурдатан күн тартибинде каралбаса да депутаттар ушундай чечим кабыл алышты. Сессиядагы жагдайлардан улам депутаттарды кимдир бирөө үндөп жатканы байкалып турду. Жок жерден караланууга калгым келбейт, ошол үчүн прокуратурага кайрылдым жана бүгүнкү күнү оң жообун алдым, – дейт “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакиров.

Ал эми депутаттар Жалал-Абад шаарынын прокурору чыгарган чечимге макул эмес.

Эми алар макул болбогудай, мыйзам чоң аталарынан калган буюм эмес да. Эгерде эле андай болсо, анда депутаттар прокуратуранын негиздемесин жалганга, жокко чыгаруусу керек. Анда прокурор мыйзам чегинде жоопко тартылууга туура келет. Прокуратурада акыры мыйзам окуп, мыйзам менен иштеп жатышкан жарандар олтургандыр. Ал эми депутаттардыкы түшүнүктүү – ар кимиси, ар кайсы тармактан келишкен.

Эскерте кетсек, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысына депутаттар ишенбөөчүлүк келтирип, токтом чыгарганына бир айга чукулдап калды. Бирок, шаар мэри азырынча кызматтан кетирүү буйругун чыгара элек. Эгер андай буйрук болгон күндө да Т. Бакиров өзүнүн ак иштегенин сот аркылуу далилдеп бергенге даяр экендигин айтат.

Жалал-Абад шаарынын мэриясында кызмат үчүн соттошкондор жана ушуга окшош саясий оюндар буга чейин да болуп келген. Кадрлар өздөрүнө жасалган адилетсиздикти сотто далилдеп, кайра кызматын тикелеген бир нече фактылар бар.

Мындан да кызыгы, депутаттар ишенбөөчүлүк келтирерден бир жума мурда анын чөнтөк телефону дал ошол шаар мэринин кабылдамасында жоголуп кеткен. Мэриянын имаратына коюлган видео-байкоонун ошол күндөгү жазуулары да табышмактуу өчүп калган. Аталган фактынын негизинде шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгону менен, телефон азырынча табыла элек.

Азыркы тапта “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы тарабынан шаардагы суу жана саркынды суу түтүктөрүн алмаштыруунун экинчи фазасы башталуу алдында турат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилип, жалпы наркы 9,275 миллион еврону түзөт. Аталган долбоордун биринчи фазасына 8 миллион евро бөлүнгөн.

Мындан сырткары, бул аталган долбоор толук аягына чыкмайынча аталган мекеменин жетекчилиги иштен алынбашын, андай болсо башталган иштин баары жокко чыгарылып кетиши мүмкүндүгүн ошол эле депутаттар эң сонун эле билишет. Эмне, андай болсо депутаттар мыйзамсыз иштерге кимдир-бирөөлөрдүн түрткүсү менен аргасыз барышуудабы же долбоорго бөлүнгөн миллиондор кимдир бирөөлөрдү уктатпай жатабы?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости