www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук милициясында айымдардын майрамы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата бүгүн Жалал-Абад ОИИБдин айымдары сыйланышты. Милиция айымдарга ИИМдин медаль, төш белги жана ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин алкыш жана куттуктоо баракчалары, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн юбилейлик медалдары ыйгарылды.

Аялдардын эртеӊки эл аралык майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов куттуктап, бекем ден соолук каалады. Аялзаты үйдүн куту экендигин айтып, иштеринде ийгиликтер болуусуна тилектештигин билдирди.

Ошону менен катар, айымдар үчүн сый тамак уюштурулуп, майрамдык иш чара салтанаттуу түрдө белгиленди.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости