www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө Энергетика министрлиги тарабынан тармактагы жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы реформалардын, модернизациялоонун жана инфраструктураны системдүү жаңылоонун алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 2026- жылдын март айынан тартып ноябрь айына чейин Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат.
Бул иштер энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын техникалык базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
2026-жылы облус аймагында 10-0,4 кВ аба чубалгылары боюнча 380 даана жаңы мамыча орнотулат. Алар төмөнкү райондордо жайгашат:
• Аксы району — 78 даана;
• Ала-Бука району — 29 даана;
• Базар-Коргон району — 20 даана;
• Манас району — 93 даана;
• Кара-Көл шаары — 25 даана;
• Майлуу-Суу шаары — 18 даана;
• Ноокен району — 26 даана;
• Сузак району — 27 даана;
• Таш-Көмүр шаары — 64 даана;
Мындан тышкары, тармакты комплекстүү жаңылоо максатында 3154 даана эскирген жыгач мамычалар заманбап темир-бетон мамычаларга алмаштырылат. Бул иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:
• Аксы району — 240 даана;
• Ала-Бука району — 326 даана;
• Базар-Коргон району — 558 даана;
• Манас району — 226 даана;
• Кара-Көл шаары — 89 даана;
• Көк-Арт аймагы — 414 даана;
• Майлуу-Суу шаары — 122 даана;
• Ноокен району — 433 даана;
• Сузак району — 415 даана;
• Таш-Көмүр шаары — 77 даана;
• Токтогул району — 169 даана;
• Чаткал району — 85 даана;
Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери авариялык өчүүлөрдү азайтып, жүктөмдөрдү туруктуу көтөрүүгө шарт түзөт жана керектөөчүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө өбөлгө болот.
Жогоруда аталган иштерди аткаруу үчүн пайдаланылуучу мамычалар Базар-Коргон шаарында жайгашкан Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын темир-бетон буюмдарын чыгаруу цехинде даярдалат.
Энергетика тармагындагы бул системдүү өзгөрүүлөр — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун негизги багыттарынын бири.
Керектөөчүлөр үчүн байланыш:
105
0772 00 12 09
0556 00 12 09
WhatsApp: 0702 00 12 09