www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине” карата Жалал-Абад ОИИБинин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, студенттерге милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери тарабынан “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди кармоо”, “Массалык баш-аламандыкка каршы аракеттер”, “Баңги затты аныктоо жана качып бараткан кылмышкерди кызматтык иттердин жардамы менен кууп кармоо” боюнча көргөзмө-көнүгүүлөрү аткарылып, №704 Ички Аскер бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан атайын даярдалган саптык көрүнүш көрсөтүлдү.
“Ачык эшик” күнүндө Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппараты, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, областтык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы, кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасы, №704 Ички аскерлер бөлүгү, Күзөт кызматынын “Тез чара көрүү тобу”, Кинология борбору, Криминалдык милиция кызматы, Тергөө жана жоруктар боюнча бөлүмү, Криминалисттик-эксперттик бөлүмүнүн жана бирдиктүү терезе кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын техника, курал-жарак жана криминалисттик-эксперттик чемодандар, кызматтык бөлмөлөр көрсөтүлүп, ар биринин иштөө тартиби боюнча студенттерге кенен түшүндүрүлмө берилди.
Белгилеп кетүүчү жагдай, бул иш-чаранын жүрүшүндө ОИИБдин 10-бөлүмү тарабынан студенттерге экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытында күнүмдүк ишмердүүлүк, аткарылып жаткан жумуштары туурасында учкай малымат беришип, андан сырткары “Салттык ислам” жана социалдык тармактардагы азгырыктарга, мыйзамсыз чакырыктарга алданбоо жөнүндө лекция өтүлдү.
Бул иш-чарага катышкан активдүү студенттер менен Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов иш бөлмөсүндө жолугушуп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берип, жыйынтыгында жаштарды ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга, мекенчилдикке жана келечекте мыкты кесиптин ээси болууга чакырды.
Ал эми, Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай Жалал-Абад ОИИБи тарабынан уюштурулган “Ачык эшик” күнүнө келип катышкан студенттер өз учурунда бул иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн, жаштарга укук коргоо кесиптерин тандоого түрткү болуп, келечекте милиция кызматында иштөөгө жол ачылгандыгын белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.
Булак: "NazarNews.kg"